"Карвен Групптун" ээси алдамчылыкка шектелип кармалды
Алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
"Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 миң доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз, кожоюндун тапшырмасы менен 2,3 миллион доллар өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынган.
Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда ушул кылмышка шектүү катары кармалды. Ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/karven-grupptun-eesi-aldamchylykka-shektelip-karmaldy
Добавить комментарий ×