Картошка, помидор жана бадыраңдын баасы арзандады

17 июля 2021 12:22 2883 Barometr
Поделиться в:
ok

Республикада июль айында картошканын баасы орточо алганда бир килограммына 41,63 сомду түздү жана июнь айына салыштырмалуу 19,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин өлкөнүн 10 калктуу пунктунда жүргүзүлгөн керектөө бааларынын мониторингине таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Помиддордун баасы орточо алганда килограммына 51,13 сом болуп, 20,4 пайызга, бадыраңдын орточо баасы бир килограммына 21,35 сом болуп 25,6 пайызга арзандады.

Эң арзан картошка Өзгөн шаарында бир килограммы 31,98 сомдон, Баткенде 34,75 сомдон, Исфанада 35,99 сомдон сатылып жатат.

Эң кымбат баадагы картошка Бишкекте сатылып, баасы бир килограммына 43,88 сом болууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kartoshka-pomidor-zhana-badyradyn-baasy-arzandady



Добавить комментарий