Кардарын 8 саат күткөн таксистке жаңы жумуш сунушталууда
Москвада кардарын 8 саат күткөн таксистке жаңы жумуш сунушташууда. Сунушту “Ситимобил” такси агрегатору киргизди. Алар чынчылдыгы менен белгилүү болгон Кайрат Тентимишевге жумуш үчүн акысыз автоунаа берүүгө даяр. Мындан сырткары бир айлык комиссиядан да кечишет.
Компания өкүлү Георгий Лобушкиндин айтымында, кыргызстандык айдоочунун жасаганы башкаларды шыктандырган. Ал кардарга кам көрүү – такси айдоочусунун башкы милдети экенин көрсөттү, – деди Лобушкин.
Чынчыл, абийирдүү айдоочу тууралуу маалыматты соцтармакка кардар өзү жарыялаган. Ал Москвага таң жуук учуп келип, үйгө чейин таксиде жетип, дароо уйкуга кетет. Арадан 8 саат өткөндө гана акча, документи салынган капчыгын унаада калтырганын эстейт. Кардар таксисттин номурун өз алдынча табууга аракеттенип, анысынан майнап чыкпай кайгырат. Бирок атасы үй алдында турган таксини байкап калат. Көрсө, кыргызстандык айдоочу кардардын унуткан буюмун кайтаруу үчүн 8 саат бою эч жакка кетпей күткөн экен.
Окуядан кийин таксист жигит кыргыз жараны Кайрат Тентимишев экени аныкталган. Ал бул аракетин Кыргызстандын аброюна доо келтирүүдөн корктум деп түшүндүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/kardaryn-8-saat-ktkn-taksistke-zhay-zhumush-sunushtaluuda
Добавить комментарий ×