Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. Үч башка талап койгон митингчилер

11 ноября 2020 15:58 831 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-ноябрда өкмөт үйүнүн алдында үч митинг болуп жатат. 

Анда, "Караван" соода борборунда эмгектенген соодагерлер аталган соода түйүндүн электрондук сатыкка коюлушуна каршы миттинге чыгышкан.

Митингчилер, соода борбордун сатыктан алынышын талап кылып өкмөт үйүнө келишкен.

Алардын талабын эч ким укпай, талаптары аткарылбай жатканына нааразы болуп жатышат.

Митингчилерге вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева чыгып, алардын маселелерин угуп, кийинки аптанын аягына чейин чечип берүүнү убадалады.

Эске салсак, аталган соода түйүндөн ижара алып иштеткен ишкерлер буга чейин да соода борбордун электрондук сатыкка коюлушуна каршы митингдерге чыгып келишкен.

Ага утурлай эле, өкмөт үйүнүн алдында дагы эки митинг болду.

Бири, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Алимбековдун жумуштан кетишин талап кылгандар.

Экинчиси, "Түндүк электр" ишканасынын мурунку башчысы Доскул Бекмурзаевдин кызматка кайра келишин талап кылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/karavandyn-soodagerleri-kajradan-mitinge-chygyshty



Добавить комментарий