Карантин учурунда редакция, аудитория жана мектепке айланган үй

28 апреля 2020 16:05 1968 Barometr
Поделиться в:
ok

Abal.kg маалымат порталынын редактору Назгүл Калмамбетова карантин учурунда үйү кантип редакцияга, университеттеги аудиторияга жана мектепке айланганын укмуштуудай сүрөттөп жазды.

“Силерде да ушундай болуп атабы? Биздин бир комната редакцияга айланды, ал меники. Бир комната класска айланды, ал жакта балдарым онлайн сабак өтөт. Бир комната университеттин аудиториясына айланды, ал жакта жолдошум студенттерге лекция окуйт. Үйүбүз мамлекеттик мекемелерге айланды. Жолдошум эртең менен дайыма лекция окуйт, анын лекциясын кааласам да, каалабасам да угуп отуруп, искусство боюнча студенттер менен кошо маалымат алдым. Бүгүн экзамен алды онлайн. Акырын артынан барып телефонго тартып алдым урушпастыр”, — деп жазды Калмамбетова.

Учурда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү үйдөн отуруп иштеп жатат. Сиз дагы үйдө отуруп иштегендердин катарында болсоңуз комментарийге пикир калтырыңыз.

Эске салсак, коронавирустан улам Кыргызстандын бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилип, карантин жарыяланып, коменттандык саат иштеп жатат. Мындай чектөөлөр апрелдин аягына чейин уланат. Ошентсе да, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

Мындай аракеттерден улам өлкөдөгү мектептер менен жогорку окуу жайлары карантинге жабылып, окутуу дистанттык түрдө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/karantin-uchurunda-redakciya-auditoriya-zhana-mektepke-ajlangan-j



Добавить комментарий