Караколго бара жаткан унаа жолдон чыгып бакты сүздү
Поделиться в:
Каракол шаарына кетип бара жаткан унаа жолдон чыгып бакты сүздү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 26-февраль күнү саат 19:25де Каракол-Эңилчек унаа жолунун 4-чакырымында (Маман айылы) "ВАЗ-2106" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам жабыркаган. КР ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/karakolgo-bara-zhatkan-unaa-zholdon-chygyp-bakty-szd
Добавить комментарий ×