Караколдун мэриясы көп кабаттуу үйдүн эшигинде эмнеге ширетүү болгонун түшүндүрүп берди
Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу шаардык мэриясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Караколдогу “Кирпичный” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшиги ширетилип бекитилгенин ырастаган сүрөт, видеолор тараган болчу. Анда көп кабаттуу подъезддин кире беришинде турган эшикти ширетип жатканын көрүүгө болот.
“5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алынуу чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн”, — деп мэрия элди ишендиргенге аракет кылды.
Муниципалитети жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылбаганын белгиледи.
Бирок жергиликтүү тургундар бардыгы мэрия кабарлагандай эместигин айтып, окуянын сүрөт, видеолорун чыгарып жатат.
Добавить комментарий ×