Караколдо эки жигит улгайган таксистти муунтушкан

1 сентября 2021 17:33 2481 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областынын Каракол шаарында эки жигит 61 жаштагы таксистке кол салышты. Бул тууралуу Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, 29-августта милицияга 61 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал таксист болуп иштээрин, ошол күнү саат 19.30да анын унаасына жашы 20-25тер чамасындагы эки жигит түшкөнүн айткан. Алар Ак-Суу районундаг дачага жеткирүүнү суранышкан.

Түп районунун Михайловка айылына келген кезде арткы орундукта отурган жигит бири мойнуна аркан салып муунта баштаган.Экинчиси айдоочунун кабыргасы менен бөйрөгүнө муштагылаган. Арыз берүүчү эптеп кутулуп чыккан. Жигиттер качып кетишкен.

Бир нече сааттан кийин кол салууга шектүү жигиттер Бишкекке кетчү унааларды тосуп, кетмек болуп жатканда кармалышты.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-eki-zhigit-ulgajgan-taksistti-muuntushkan



Добавить комментарий