Караколдо үч милиция кош бойлуу аялды сабоого шектелүүдө

23 сентября 2021 16:44 2711 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери кош бойлуу аялды сабоого шектелип жатат. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын жергиликтүү башкармалыгына тапшырылды.

“Акыйкатчынын атайын дайындалган өкүлүнө Г. А.аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал Каракол ШИИБинин эки ыкчам тергөөчүсү жана бир иликтөөчүсү тарабынан кол салууга кабылганын билдирди. Аял  ал учурда аял кош бойлуу болгон, мындай ур-токмоктон кийин боюндагы баласын жоготкон. 5-августта милициялар аны кармап алышып, уруп-сабап жана муунтушкан, андан соң талаага алып чыгышып, ал жерден дагы токмоктоп, ичке тепкилеп, өлтүрөбүз деп коркутушкан.Аял күнөөлүүлөр жазалануусун суранууда”, - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Ысык-Көл областынын прокурорунун атына кайрылуу жөнөтүшту. Прокуратура Г. А. арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-ch-miliciya-kosh-bojluu-ayaldy-saboogo-shekteld



Добавить комментарий