Караколдо 84 жаштагы карыянын сөөгү табылды
Поделиться в:
Каракол шаарында, бүгүн, 18- июнда батирлердин биринен карыган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Куткаруучулар Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан эшиги бекилип калган батирди ачышкан. Анын ичинен 84 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Алар маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.
Жерине өрткө каршы бөлүмдөн үч куткаруучу тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-84-zhashtagy-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×