«Каракол» тоо-лыжа базасындагы кырсык. Каза болгон 13 жаштагы өспүрүм Казакстандан конокко келген

13 января 2021 10:29 993 Barometr
Поделиться в:
ok

«Каракол» тоо-лыжа базасынан каза болгон өспүрүм Казакстандан Кыргызстанга конокко келген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

12-январь күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт кызматына «Каракол» тоо-лыжа базасынан телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда жаш өспүрүм лыжа тээп баратып кулап, окуя болгон жерден каза болгондугу айтылган.

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 3-январда Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну, өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келгендиги аныкталган. 

"10-январда аталаш бир тууганы үй-бүлөөсү жана карындашынын баласы И.С. менен Каракол шаарына келишип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен «Каприз» тоо-лыжа базасына барышып эс алышып жүрүшкөн. 

12-январь күнү болжол менен саат 13.00 чамаларында жаш өспүрүм И.С. тоо-лыжа базасында эс алуу учурунда, 3040 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Болжол менен 2 700 бийиктикте трассанын батыштан чыгышка бурулган жерден, лыжа тээп түшүп бара жаткан жаш өспүрүм бурула албай калып, өсүп жаткан чоӊ карагайды сүзүп алып, алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз жаш өспүрүмдүн денесин сырттан кароо учурунда, оӊ буту жана мойну сынганы аныкталды. Жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/karakol-too-lyzha-bazasyndagy-kyrsyk-kaza-bolgon-13-zhashtagy-sprm-kazakstandan-konokko-kelgen



Добавить комментарий