Каракол шаарынын мэри шайланды

12 октября 2018 12:43 2380 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракол шаарынын мэри болуп Адыл Каниметов шайланды.

Мэрди шайлоо бүгүн, 12-октябрда өттү. Бул кызматка Адыл Каниметов жана Эрлан Айсаракунов өз талапкерлигин көрсөткөн.

 Шайлоого Каракол шаардык кеңешинин 28 депутаты катышты. Каниметов депутаттардын 18 добушуна ээ болсо, Айсаракунов 11 добуш алды.  Натыйжада Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри болуп шайланды.

Эске салсак,   калаанын буга чейинки жетекчиси Данияр Арпачиев 19-сентябрда кызматтан кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/karakol-shaarynyn-meri-shajlandy



Добавить комментарий