Каракол шаарында ишкерлерге кеңеш берүү борбору ачылды

12 ноября 2019 16:10 3166 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 12-ноябрда Каракол шаарында ишкерлерди колдоо жана консультация берүү борбору ачылды. Борбор облус ѳкүлчүлүгүнүн иммаратына ОБСЕнин колдоосу менен ачылды. Бул тууралуу  Barometr.kg маалымат агенттигине облус ѳкүлчүлүгүнүн басма сѳз кызматты  билдирди.

Маалымат боюнча, борбордун негизги максаты орто жана кичи бизнес ѳкүлдѳрү менен мамлекет мекемелеринин ортосундагы иш алып баруунун жолун жѳнгѳ салуу. Ошондой эле, бизнес пландарды түзүүнүн жолдорун,ар кандай бизнес идеяларды ишке ашыруунун ыкмалары боюнча маалымат берилип, багыт кѳрсѳтүлѳт.

Ссылка: https://barometr.kg/karakol-shaarynda-ishkerlerge-keesh-ber-borboru-achyldy



Добавить комментарий