Каракол шаарында 3 балга чейин сезилген жер титирөө катталды

11 сентября 2020 16:05 756 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 11-сентябрда саат 13:15те КРнын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорное, Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Ссылка: https://barometr.kg/karakol-shaarynda-3-ballga-chejin-sezilgen-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий