Пара алган Каракол шаарынын салык органынын бөлүм башчысы кызматынан алынды

10 июня 2020 18:02 896 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка бөлүмдүн башчысы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө (пара алуу) Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 4-июнундагы соттук чечиминин негизинде кол коюлган.

Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын начальниги аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилет.


Ссылка: https://barometr.kg/karakol-shaary-boyuncha-salyk-organynyn-blm-bashchysy-ishenichten-ketkendigine-bajlanyshtuu-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий