Каракол-Эңилчек унаа жолун катуу сел жаап калды (Видео)

20 июля 2020 10:50 558 Barometr
Поделиться в:
ok

Селден улам Каракол-Эңилчек унаа жолунун 6 чакырымы кум шагылга толуп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратты. Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел сууларынын кесепетинен Каракол-Эңилчек унаа жолунун 6 чакырымына кум шагыл толуп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө №11 ЖТИден 1 жүктөгүч, суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Учурда тазалоо жана тактоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 18-19-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таркаткан.


Ссылка: https://barometr.kg/karakol-eilchek-unaa-zholunda-sel-zhrd



Добавить комментарий