"Кара жума" же "арзан жуманын" тарыхы
Дүйнөнүн бир топ шаарларында жана ошону менен катар Кыргызстанда да кечээ, 23-ноябрь күнү соода түйүндөрдүн көпчүлүгүндө "кара жума" майрамын белгилешти.
Бул АКШда XIX-кылымдын аягынан баштап эле майрамдалып келет. Ал эми "кара жума" термини 1966-жылы пайда болгон.
Бул майрамда соода борборлорунда болуп көрбөгөндөй арзандатуулар болуп, сатуу түйүндөрү адаттагыдан эртте ачылып кеч жабылат.
Эске салсак, АКШнын чыгыш тарабынын убактысы боюнча Black Friday башталган 23-ноябрь, эртең мененки саат онго карата керектөөчүлөр интернет соода аркылуу 643 миллион доллар коротушкан. Чекене соода боюнча улуттук федерация ноябрь-декабрь айларындагы майрамдык соода-сатыктын акчалай көлөмү быйыл былтыркыга салыштырмалуу 4%дан ашуунга көбөйүп, 720,8 миллиард долларга жетет деп болжолдошкон.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-zhuma-zhe-arzan-zhumanyn-taryhy
Добавить комментарий ×