Кара-Сууда жер титиреди
Поделиться в:
Ош облусунун аймагында 12-декабрда саат 18:22де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×