Кара-Сууда уурулукка шектелип 27 жаштагы бала жана жашы жете элек эки өспүрүм кармалды

3 февраля 2021 09:31 2331 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Сууда үйлөргө кирип уурулук жасап жүргөн деген шек менен 27 жаштагы бир бала жана жашы жете элек эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

31-январь күнү мурда бир нече жолу уурулук фактысы менен соттолгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын тургунун 27 жаштагы К у С.  жана 16 жаштагы 2  шериги менен бирге кармалды. Алар жарандардын турак-жайларына киришип уурулук жасаганга шектелүүдө.

2020-жылдын 22-декабрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын тургуну 1972-жылы туулган А.М.Б. өзүнүн жеке турак үйүнө белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, үйүнүн ашканасында илинип турган “LG” үлгүсүндөгү 36 000 (отуз алты миӊ) сомдук түстүү сыналгысын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кара-Суу РИИБдин КЖБРне  катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бер., 2-бөл., 3-п., менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.  Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча Кара-Суу РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышкан.

Кармалган шектүүлөрдүн экөөсү жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылып,  27 жаштагы  К. у. С. 2021-жылдын 31-январь күнү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-бер. негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген,

2021-жылдын 2-февраль күнү К. у. С.тын  бөгөт кою чарасы катары Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 28-февраль күнүнө чейин камакка алынган. Учурда К. у. С.нын Кара-Суу районунун аймагында  беш уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталган жана тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-uurulukka-shektelip-27-zhashtagy-bala-zhana-zhashy-zhete-elek-eki-sprm-karmaldy



Добавить комментарий