Кара-Сууда төрт турак жайдын чатыры өрттөндү
Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылында 4 турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-майда саат 20:20 чамасында аталган айылдын Ибн-Сина көчөсүндө катар жайгашкан төрт турак үйлөрдүн болжол менен жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлары күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан жана Борбордук аппаратынын ыкчам топтору, ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ), ӨКМнин Ош шаардык №12-Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 2 бөлүм, ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, ӨКМнин Ош шаардык №109 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ӨКМнин Ош шаардык №85 ӨККБдан 1 бөлүм, ӨКМнин Кара-Суу райондук №102 ӨККБдан 1 бөлүм. Мындан сырткары ИИМнен 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, Газпром мекемесинен 4 кызматкер, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган",- деп айтылат маалыматта.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу болжолдуу себеби: электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу).
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-trt-turak-zhajdyn-chatyry-rttnd
Добавить комментарий ×