Кара-Сууда 36 жаштагы келинди өлтүрүп, денесин сандыкка салып кеткенге шектелип жолдошу кармалды

15 декабря 2022 13:37 908 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Суу районунда 36 жаштагы келинди өлтүрүп, денесин сандыкка салып кеткенге шектелген жаранды кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 14-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип, Өзгөн районунун аймагында кармалган. 

Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

“1-декабрь күнү Кара-Суу районунун тургунунун жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүнөн табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга кабарланган. Аталган факты Кара-Суу РИИБге катталган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы келиндин жансыз денеси жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктан табылган.

Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашкан”, -деп атылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-36-zhashtagy-kelindi-ltrp-denesin-sandykka-salyp-ketken-shekt-zharandyk-nikedegi-zholdoshu



Добавить комментарий