Кара-Сууда чагылган түшүп 13 жашар бала каза болду
Поделиться в:
Кара-Суу районунда чагылган түшүп 13 жашар бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Кечээ, 21-июль күнү кечинде Ош облусунун Кара-Суу районунда Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, кырсыктын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган өспүрүм бала каза болду.
21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча 18:45те күндүн күркүрөшү башталып 21:40 ка чейин уланган. Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунда көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшү айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-chagylgan-tshp-13-zhashar-bala-kaza-boldu
Добавить комментарий ×