Кара-Кулжада сууга кулаган унаада жоголгон кыздын сөөгү табылды

14 июля 2021 11:41 1457 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош областынын Кара-Кулжа районунда Тар суусуна түшүп кеткен унаадан жоголгон кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Кара-Таш айылындагы Тар суусунан жергиликтүү тургундар 2017-жылы туулган кыздын сөөгүн табышты.

Эскерте кетсек, 24-июнда саат 22:00дө Хендай Портер унаасы Тар дайрасы аркылуу өткөн Асыран бий көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда сууга түшүп кеткен. Анда  бир үй-бүлөдөн турган 5 адам болгону аныкталган. Үй-бүлө Бишкектен Алай-Кууга бара жатышкан.

Унаа кулагандан кийин 1980-жылы туулган үй-бүлө башчысын жана анын 2008-жылы туулган кызын куткарышкан.

25-июнда 1984-жылы туулган аялдын жана 1993-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан. 2017-жылы туулган кызды издөө уланып жаткан эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzhada-suuga-kulagan-unaada-zhogolgon-kyzdyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий