Кара-Кулжада маркумга үчүлүк, жетилик, пайшамбалык өткөрүүгө тыюу салынат
Ош областынын Кара-Кулжа районунда маркумду жерге берүүдөгү ыксыз чыгымдарды жок кылган чечим кабыл алынды. Бул тууралуу barometr.kg сайтына райондун акиминин орун басары Канболот Тутуев билдирди. Анын айтымында, бул маселе көптөн бери эле жергиликтүү коомчулук тарабынан көтөрүлүп келген.
Кечээ 25-февралда райондо "Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды жою" боюнча элдик жыйын болуп, жыйындын катышуучулары бир катар чечимдерди кабыл алды.
Алар:
1. Кара аш үчүн 2 койдон башка мал жандык союлбасын;
2. Үчүлүк, жетилик, пайшамбалык, өткөрүлбөсүн;
3. Себет көтөрүүгө, калпак-жоолук алып барууга тыю салынсын;
4. Көк кийүү, жыртыш таратуу, жылдыкта сарпай кийгизүү жоюлсун;
5. Чай ичирүүгө союш алып барууга, үйгө коноктоого жол берилбесин;
6. Айыл өкмөттүн алдында, Айылдарда ыксыз чыгымдарды жою боюнча комиссиялар түзүлсүн;
7. Ушул жыйындын чечими айылдык Кеңештин сессияларында бекитилсин; деген чечимдер кабыл алынган.
Акимдин орун басары жыйында кабыл алынган чечимдер боюнча маалыматтар Жергиликтүү кеңешке жиберилгенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzhada-markumga-chlk-zhetilik-pajshambalyk-tkrg-tyyuu-salynat
Добавить комментарий ×