Караколдо кайрымдуулук иштери өтүп жатат

30 апреля 2020 11:54 810 Barometr
Поделиться в:
ok

Орозо айынын урматына Ысык-Көл облусунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ИИБ, медицина кызматкерлерине, ооруканада жаткан бейтаптарга, балдар үйүнө жана кары-картаңдарга ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу Каракол шаарындагы “Яхя Умар Филалий жана Фатима Мухаммад Фарисий” атындагы борбордук мечитинин имамы Сардар ажы Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен Ыйык Рамазан айынын урматына ысык тамак (плов салаты менен) Каракол шаарында уюштурулду. Мындай иш-чара Ысык-Көлдүн башка аймактарына дагы уланып, жалпы 2000 адамга берилет.

«Кайрымдуулук иштерин мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче уюштуруп келебиз. Ыйык Орозо айы жакшылыктын айы, ошол себептен кайрымдуулук иштери жылына салт катары уюштурулат», - деди Сардар ажы Кененбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-koldo-kajrymduuluk-ishteri-tp-zhatat



Добавить комментарий