Кара-Көлдөгү унаа кырсыгынан эки адам жабыркады
Поделиться в:
Жалал-Абад областында болгон жол кырсыгынан эки адам жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
12-майда саат 08:30да Бишкек-Ош авто жолунун 427- чакырымында (Күрп-Сай участогу) “Хонда-Степ” жана “Тойота-Камри” унаалары кагылышкан.
Авто кырсыкта «Тойота» унаасындагы эки жүргүнчү, 1996-жылы төрөлгөн эркек С.Ж., жана 1965-жылы төрөлгөн аял К.А жабыркаган. Жабырлануучулар Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kldg-unaa-kyrsygynan-eki-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×