Кара-Көл шаарында унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кетти
Кара-Көл шаарында, жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 15-декабрда Кара-Көл шаарында 09:08 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 404-чакырымында (Кара-Жыгач тилкеси) “Mazda Demio” жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сууга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам жабыркаган (1977-жылы туулган, 2002-жылы туулган, 1977-жылы туулган).
Жерине КР ӨКМнин №94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Абалдары орто.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-shaarynda-unaa-zholdon-chygyp-suuga-tshp-ketti
Добавить комментарий ×