Кара-Көл шаарында бензин ташыган унаадан табылган адамдын өлүмүнө 37 жаштагы аял шектелүүдө

12 октября 2020 13:41 971 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бензин ташыган унаадан 35 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан “Барометрге билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган кылмышка шектүү катары 37 жаштагы аял кармалган.  10-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Көл ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Токтогул ГЭСиндеги көпүрөгө жетпей бензин ташыган унаанын ичинде бир адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Аталган маалыматтын негизинде Кара-Көл ШИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда күйүүчү май ташыган унаанын ичинде Чүй облусунун 35 жаштагы айдоочусу Н.Б.нын жансыз денеси экени аныкташкан.

"Окуя болгон жерден жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, бычак сымал курч зат менен сайылгандыгы аныкталып, далил буюмдар чогултулган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бириктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызматкерлердин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну М.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-shaarynda-benzin-tashygan-unaadan-tabylgan-adamdyn-lmn-37-zhashtagy-ayal-shekteld



Добавить комментарий