Видео. "Кара-Көл" салмак габаритти контролдоо пунктундагы мыйзам бузуулар аныкталды

17 декабря 2019 13:40 4579 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы салмак габаритти контролдоо пунктунун мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныкташты.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары  ички иштер органдарына кайрылышып, салмак габаритти контролдоо пунктундагы  мыйзамсыз чогултуу фактылары жөнүндө билдиришип, жогорудагы факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Жогоруда аталган пунктун кызматкерлери жүк ташуучу автоунаанын айдоочуларынан акча каражатын талап кылып жаткандыгы белгиленген. 

Ош облусунун жашоочусу, оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун арызында  аталган пунктта акча каражатын чогултуу кадимки көрүнүшкө айлангандыгы көрсөтүлгөн. Аталган факты КЖБРге катталып,  ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренеси (мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз сыйлык акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн тапшырмасынын  негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын  Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 2019-жылдын ноябрь айынын аягында укукбузууларды ачыктоо жана ага бөгөт коюу максатында ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин (Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы) салмак габаритти контролдоо пунктунун тескөөчүсү кармалган. 

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-salmak-gabaritti-kontroldoo-punkty-teksherildi



Добавить комментарий