Кара-Балтада өрттөн курулуш материалдарын саткан дүкөн, авто унаа күйүп кетти
Кара-Балтада курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү.
"Бүгүн Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган. Ал эми тилсиз жоо толук түрдө саат 16:25те өчүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана 1 "Mercedes " үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Жабыркагандар катталган жок", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-kurulush-materialdaryn-satkan-dkn-rttnp-ketti
Добавить комментарий ×