Кара-Балтадагы катуу шамал кафе жана үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

20 июля 2020 10:10 494 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара- Балтадагы катуу шамал 4 турак үйдүн, кафенин жана 2 чарбалык курулуштун чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 19- июлда, Чүй облусунун Жайыл районунда саат 17:30 чамасында Кара-Балта шаарында ылдамдыгы болжол менен 28 м/с жеткен шамал катталып, 4 турак үйдүн жалпы 203 ч.м. чатырын, "Аюу-Таш" кафесинин 250 ч.м. чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 ч.м. чатырын учуруп кетти.

Жерине ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет буга чейин катуу шамал тууралуу  шашылыш эскертүү таркаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-katuu-shamal-chatyrlardy-uchurdu



Добавить комментарий