Кара-Балта шаарында жаңы спорттук объект ишке киргизилди

30 декабрь 2019 13:11 4121 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 28-декабрда Кара-Балта шаарынын «Манас» спорттук комплексинин кышкы бассейнинде спорттун суу түрлөрү боюнча жаш-өспүрүмдөр арасында мелдештер өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган мелдештин ачылышына Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кара-Балта шаарынын жаш спортчулары, алардын ата-энелери катышты. Эске сала кетсек, Кара-Балта шаарынын кышкы бассейни 1977-жылы курулган. Ал убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн авариялык абалга келип, акыркы жылдары иштебей турган. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакирдин Субанбековдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көңүлгө алынып, республикалык бюджеттен 15 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 11 млн. сом акча-каражат бөлүнгөн. Андан соң тийиштүү тендерлер аркылуу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. 

Натыйжада аталган бассейн толугу менен ишке берилип, суу спорт сүйүчүүлөрүнө кызмат кыла баштады. Кара-Балта шаарынын «Манас» спорттук комплексинин директору Айбек Аманбаев кара-балталыктардын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбековго ыраазычылык билдирип, шаар тургундарына сергек жашоого жана спорт менен машыкканга ыңгайлуу шарттар көбөйгөндүгүн баса белгиледи. Чүй облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков «Манас» спорттук комплексинин кышкы бассейни бүгүнкү күндүн бүт талаптарына жооп бере турганын, чет өлкөлөрдө колдонгон заманбап технологиялык жабдыктар менен камсыздалганын жана курулуш иштери жогорку сапаттагы материалдар менен жасалганын маалымдады. Ал эми депутат Б.Субанбеков ушул бассейнде 1978-жылы сууга сүзгөндү үйрөнгөнүн айтып, машыктыруучусу 81 жаштагы Анатолий Зверевге ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар жаштарды сергек жашоого жана спорт менен машыгууга чакырды. 

«Мага көп тааныштарым суроо узатышат: Сиздин сергек, жеңил, өзүңүздүн курагыңыздан жашыраак болгонуңуздун сыры эмнеде? деп. Жообу мына – сууга көп сүзгүлө, спорт менен машыккыла – ошондо ден соолугуңар чың болот, жана көп жакшы иштерди жасай аласыңар», деди депутат. Иш-чарага катышкандар, жаш спортчулар депутаттарга, куручууларга, машыктуруучу агайларга, рахматтарын айтышты.


Ссылка: https://barometr.kg/kara-balta-shaarynda-zhay-sporttuk-obekt-ishke-kirgizildi



Добавить комментарий