Капталынан жатып уктоонун пайдалуу жана терс жактары
Адамдын жашоосунда уйку негизги ролду ойнойт. Ал эми убагында жана туура уктоо ден соолук үчүн эң маанилүү.
Адистер капталынан уктоонун пайдалуу жана терс жактарын чечмелеп беришти. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Пайдалуу жактары
Капталынан жатып уктаганда арка белге, моюнга күч келбейт жана коңурук тартуу да болбойт. Оң капталынан жатканда кан айлануу жакшырып, жүрөктүн иштешине оң таасир берет. Капталынан жатуу кош бойлуулар үчүн эң ыңгайлуу.
Терс жактары
Боор, ичеги-карынга жана өпкөгө аба жетпей дем алуу кыйындап, аталган органдарга күч келет. Таң атканча бир калыпта оң капталынан уктаган адамдын ийни жана колдору ооруйт, эртең менен ашказаны кыжылдап турат. Ошондой эле көкүрөгү чоң айымдар дайыма капталынан жатканда төшү салбырап калат.
Ссылка: https://barometr.kg/kaptalynan-zhatyp-uktoonun-pajdaluu-zhana-ters-zhaktary
Добавить комментарий ×