Каптагаев: Борбор калаа ойдон чыгарылган жомоктогу каармандын атынан "Бишкек" деп коюлган

4 марта 2021 17:22 2949 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын “ойдон чыгарылган жомоктогу каармандын атынан эмес, кыргыздын улуу эпосунун аталышынан “Манас” шаары” деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу Каптагаевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт.

Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз. Азыр деле Алай, Талас, Чаткал деген ысымды алып жүргөн канчалаган киши бар. 

Негизи, Чүйдөгү жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес. Кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле.

Анын үстүнө, жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, “1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен "Бишкек” жомогун ойдон чыгарып жаза салдым эле” деп.

Эми минтип ордо калааны негиздөөчү катары ташка чеккен таптакыр натуура иш. Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей.

Негизи эле, ары бери талашпай ордо калааны "Манас" деп  койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга Конституция мене кошо чыгарса да туура болот. Ордо калааны “Манас” деп атоого элди пикирин сурап.  Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманын атынан Бишкек деп аталат дегендин өзү уят, шаарыбыздын аты фейк деп кантип айтабыз”, - деп жазды Каптагаев.

Ссылка: https://barometr.kg/kaptagaev-borbor-kalaa-ojdon-chygarylgan-kaarmandyn-atynan-bishkek-dep-koyulgan-kalaabyzdyn-atalyshy-fejk-dep-kantip-ajtabyz



Добавить комментарий

  • Кеңешбек 3 года назад
    Шаарыбыздын аты Манас болгону туура го. Бишкек баатыр жөнүндө эч кандай жаман оюм жок. Болгону Манас бабабызды биз ардактабасак анан ким ардактайт.