Каптагаев: "Акаев чын эле Аксы окуясын билген эмеспи?"

21 августа 2019 11:15 1095 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Аскар Акаев тууралуу фейсбук баракчасында жазып чыкты. 

"Акаевдин айтымында 2002-жылы 17-мартта Аксыда элди өздөрү атайын эле атып салышып, анан мага жалаа жабышты деп. Ким атты? - деген суроого - Бакиев атайын аттырган, анын ою боюнча мен президент катары кетип калсам ордумда калмак - деди. Демек Акаев бул сөзү менен Аксыдагы окуяны билген эмесмин, мен сүттөн акмын, бул Бакиев башында турган Өкмөттүн заговору деп жатат да.

Ушул жерде бир чоң суроо жаралат. Макул, Бакиев өкмөт башчысы катары Акаевке кыянаттык кылсын дейли, ордун тартып алайын деп, анда Акаевдин көздөй кишилери А.Карыпкулов - аппарат жетекчиси, О.Ибраимов - мамлекеттик катчы, Ч.Абышкаев - башкы прокурор, Н.Танаев - биринчи вице-премьер, К.Иманкулов - коопсуздук кызматынын башчысы, Т.Акматалиев - ички иштер министри, Б.Жанузаков - укук коргоо органдарын тескеген бөлүмдүн башчысы, З. Кудайбергенов - облус прокурору, К.Садиев - министрдин орун басары... жана башкалар эмне кылып жүрүшкөн? Алардын баары Акаевди сатышты беле?», -деди Каптагаев.

Эскерте кетсек, жакында Аскар Акаев мекенине кайтуу тууралуу орусиялык басылмаларга маалымат берген. Ал эми кызы Бермет Акаева Бишкекке келген. Азырынча Акаев тууралуу укук коргоо кызматкерлери үн ката элек.

Ссылка: https://barometr.kg/kaptagaev-akaev-chyn-ele-aksy-okuyasyn-bilgen-emespi



Добавить комментарий