Каныбек Осмоналиев: Мага коюлуп жаткан айыптар негизсиз

15 октября 2018 15:30 929 Barometr
Поделиться в:
ok

"Мага коюлуп жаткан айыптар негизсиз", - деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев. Коррупция беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат бүгүн, 15-октябрда Биринчи Май райондук сотунда акыркы сөзүн сүйлөдү. Осмоноалиев 40 жылдан ашык билим берүү тармагында, 10 жыл билим берүү министрлигинде иштегенин айтты.

"Мен мамлекеттик кызматтын көптөгөн баскычтарында иштедим. Ар бир иштеген кызматымда мекенге ак кызматымды арнап келдим. Бүгүнкү күндө мага коюлуп жаткан айыптар негизсиз", - деди Осмоналиев. 

Буга чейин сотто мамлекеттик айыптоочу Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев Жогорук Кеңеште тармактык комитетти жетектеп турганда "Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизди" деген шек менен кылмыш иши козголгон. Ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-osmonaliev-maga-koyulup-zhatkan-ajyptar-negizsiz



Добавить комментарий