Каныбек Исаков Жогорку Кеңеште ант берди

25 сентября 2019 10:40 1160 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдѳ. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Жакында дайындалган Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ЖКда президент, премьер-министрдин катышуусунда ант берди.

Аны кызматка дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыкка 11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы билдирген.

Буга чейин Каныбек Исаков ОшМУнун ректору болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева жаңы окуу жылы башталганда өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-isakov-zhogorku-keeshte-ant-berdi



Добавить комментарий