Кантта парктын аймагын жеке окуу жайга ижара берген аткаминерлерге кылмыш козголду

18 октября 2022 11:44 779 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура Кантта токой-паркынын аймагынан мыйзсыз жеке менчик окуу жайга, соода түйүндөргө орун берген аткаминерлерге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркында тармактуу мамлекеттик органдардын адистерин катыштыруу менен текшерүү жүргүзүлүп көптөгөн мыйзам бузуулар аныктаган. 

“Кант шаарынын аймагында жайгашкан Эмендүү токой-паркынын жерлери токой фондусуна караштуу жана Жер кодексинин талабына ылайык мамлекеттин менчигиндеги жерлер болуп эсептелинет.

Ал эми, Кант шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мамлекеттин менчигиндеги Эмендүү паркынын жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жок болгондугуна карабастан жеке менчикке жана ижарага мыйзамсыз беришип, токой фондусунун жерлериндеги бак-дарактар жеке жактар тарабынан мыйзамсыз кыйылып, жеке менчик окуу жайы, уруксат берүү документтери жок соода түйүндөрү жана спорт аянтчалары курулуп мыйзамсыз пайдаланылып келген.  

Натыйжада бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 26 млн 726 миң 536 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, Башкы прокуратура тарабынан аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Аталган парктагы жеке менчикке жана ижарага берилген объектилер менен жер тилкелерди мамлекеттин менчигине кайтаруу жана аларды алгачкы калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/kantta-zharatylysh-parkyn-zheke-okuu-zhaj-zhana-sooda-tjng-izhara-bergen-atkaminerlerge-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий