Кантта мамыда электр жарыгын киргизип жаткан жаранды унаа сүйрөп кетип каза болду

25 июля 2022 11:45 759 Barometr
Поделиться в:
ok

Кантта мамыга чыгып электр тогун тартып жаткан  электрикти жүк ташуучу унаа сүйрөп кетип каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-июль күнү болгон. 

"Анда тез тамактануучу жайга электр жарыгын киргизүүнү көздөгөн Н.А аттуу жаран кур байланып мамыга чыккан. Ошол учурда жүк ташуучу унаа өтүп бара жатып зымдын экинчи учун илип кетип, электрикти мамыдан кулатып кеткен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. 

Учурда бул окуя боюча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kantta-mamyga-chygyp-elektr-zharygyn-kirgizip-zhatkan-zharandy-zhk-tashuuchu-unaa-sjrp-ketip-kaza-boldu



Добавить комментарий