Канткенде жогорку сорттогу мандариндерди тандаса болот? Адистин кеңеши

19 января 2022 11:10 4532 Barometr
Поделиться в:
ok

Кышкы жемиштердин сап башында турган мандариндерди сатып алууда, чириктери жана тактары жок тунугун тандап алышыңыз керек жана алардын териси бирдей болушу абзел. Бул тууралуу “Барометр” пайдалуу кеңештердин топтомун сунуштайт.

Ар бир мөмөнү кылдаттык менен карап чыгуу керек: мөмө жыпар жыттуу, өтө эзилген эмес, бирдей түстө болушу керек. Мандарин өтө жумшак же катуу же кургак болбошу керек. Адистер белгилегендей, жашыл жалбырагы бар мандарин мөмөнүн жаңы экенинин көрсөткүчү эмес. Ошондой эле, мөмө канчалык ачык түстө болсо, ал ошончолук кычкыл болот.

Бышкан жемиштер, адистер эскерткендей, көпкө чейин сакталбайт.

Мандаринди муздаткычтын атайын бөлүгүндө, плюс алты градус температурада сактоо керек жана алардын терисин өсүмдүк майы менен сүртүү керек. Мөмө-жемиштерди мүшөктө эмес тор баштыкта сактоо туура. Анан да, алардын кургап кетишине жол бербөө маанилүү.

Мындан тышкары, бутактардагы жалбырактарды алып салбаңыз - бул мөмө-жемиштин жаңы бойдон калышына жардам берет.

Цитрус жемиштеринин кабыктарын ыргытып жибериш керек, андан кийин колуңузду жакшылап жуу керек, анткени мөмө-жемиштерди ташып келүүдө бузулуп кетпеши үчүн күкүрт кошулмалары менен дарыланып, астматикалык таасир берет. Цитрус жемиштери оролгон кагаз чириктин жана көгөрүүнүн пайда болушуна каршы дарыланып, ал эми мөмө-жемиштер сакталган идишти антисептик менен тазаланат. Мындай дары дармек жемишке да жугуп калышы мүмүкүн. Андыктан, жемиштерди жер алдында жылуу суу жана самын менен жууп туруп колдонуу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kantkende-zhogorku-sorttogu-mandarinderdi-tandasa-bolot-adistin-keeshi



Добавить комментарий