Кант диабетинин алгачкы белгилери кандай болот?
Кант диабети кеңири тараган эндокриндик бузулуу болуп саналат жана метаболизмдин бузулушунун белгиси. Стресс, ашыкча салмак, тамак сиңирүү органдарындагы оорулар уйку без тарабынан инсулин гормонунун иштелип чыгышын бузат. Бул өз кезегинде кант диабет оорусуна алып келет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр".
Оорунун алгачкы белгилери байкап, дарыгерге убагында кайрылуш үчүн организдеги төмөнкү белгилерди карай жүрүңүз!
- экзема болуу;
- фурункулез;
- жыныстык органдардагы кычышуу, ачышуу;
- таттууну абдан көп жегиси келүү;
- баш оору;
- теринин кубарышы;
- терчилдик;
- ачка болгондо, күчтү талап кылган жумуш жасагандан кийин аябай чарчап калуу.
Полидипсия - аябай суусай баштоо, сууну түн ичинде дагы ичкиси келүү;
Полиурия - заара бөлүп чыгуунун көбөйүшү.Ошол эле учурда зааранын өңү ачык болуп калат.
Полифагия - табиттин жогорулашы.
Кант диабетинин кошумча белгилери:
- теринин кургашы;
- тамактын кургап турушу;
- беттин, кабактын, ээктин кызаруусу;
- теринин бактериялык жана грибоктук инфекциялардан бат-бат жабыркай башташы;
Мындай белгилер кайсы курактагы адамдарды болбосун тынчсыздандыруу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/kant-diabetinin-algachky-belgileri-kandaj-bolot
Добавить комментарий ×