Канчалык көп нерсе күтсөк ошончолук көңүлүбүз калат!
Психологиялык байкоолордун негизинде адамга тиешелүү көп фактылар, кубулуштар аныкталган. Бүгүн barometr.kg мындай байкоого алынган фактыларды сизге сунуштайт
1.Көп учурда адамдар ата-энесине кайсы бир мүнөзү окшош адамдары жактырып же сүйүп калышат.
2.Кембридж университетинде кызыктуу байкоо жүргүзүшкөн: сөздөр канчалык ката жазылса дагы, анын баштапкы тамгасы менен аягындагы тамгасы туура болсо окулуп кете берет.
3.Жашоодогу кубанычтуу дагы, жаман дагы окуя адамда депрессияны пайда кылат. Үйлөнүү үлпөтүнөн кийин, балалуу болгондон кийин, мектепти бүткөндө, университетти аяктаганда, жаңы жумушка киргенде адамдар депрессияга кабылат.
4.Ата-эненин балдарга карата “туура жүр” деп айткан таалиминен дагы өспүрүм үчүн анын жүргөн чөйрөсү чоң роль ойнойт. Тамеки чегип, алкоголь иче баштаган өспүрүм туура тарбиядан мурда ошондой чөйрөгө кабылып калгандан кийин начар адаттарды башташы толук мүмкүн.Достор жана тааныштар өспүрүмдөр үчүн чоң мааниге ээ.
5.Психологияда эң маанилүү принцип бар-канчалык көп нерсе күтсөңүз, көңүл калуу дагы ошончо көп болот. Азыраак күтүп көп нерсе алганга үйрөнүңүз.
6.Көп адамдар тааныш эмес чөйрөдө оң тарапка бурулуп басышат. Ошондуктан мисалы, дүкөндө кезекте туруп калсаңыз сол тарапка эч тартынбай басып кезек күтсөңүз тезирээк кассага жетесиз.
7.Кызга белек камдап койгонуңузду айтып анын эмне экенин тапчы деп көрүңүз. Көпчүлүк кыздар көңүлүндөгү нерсесин айтат, сиз болсо ага эмне белек берериңизди билип аласыз.
8.Эгер жаман түш көрүп жатсаңыз денеңиз үшүп жаткан болот. Эгерде уктоочу бөлмө абдан эле муздак болсо жаман түш көрө турганыңыз бул илимий далилденген факт.
Ссылка: https://barometr.kg/kanchalyk-kp-nerse-ktsk-oshoncholuk-klbz-kalat
Добавить комментарий ×