Канатбек Маматов: Кыргызстан – Мьянма беттешин кабыл алууга стадион толук даяр

10 октябрь 2019 16:36 2830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футбол федерациясы Кыргызстан – Мьянма беттешине карата борбордук стадионду мыкты даярдады. Бул тууралуу өлкөнүн федерация президенти Канатбек Маматов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында федерация бүгүнкү беттешке карата стадионду бардык жагынан даярдаган.

Биз өз күчүбүз менен стадионду бүгүнкү беттешке даярдадык. Оюн талаасынын чөбүн (газон) калыбына келтирдик. Тегиз болду. Мындан сырткары стадиондун жарактан чыккан, сынган отургучтарынын баарын алмаштырдык. Орусиядан атайын буйуртма менен сапаттуусун алдырып, алмаштырдык. Учурда стадион беттешти, анын көрүүчүлөрүн кабыл алууга толук даяр”, - деди Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы боло турган Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы Мьянма командасы менен кез келет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30дө башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/kanatbek-mamatov-kyrgyzstan-myanma-betteshin-kabyl-aluuga-stadion-toluk-dayar



Добавить комментарий