Канатбек Исаев ички резервди натыйжалуу башкаруу зарыл экенин айтты

21 мая 2020 18:48 1174 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаев Өкмөттүн токтомунун негизинде Бишкек шаардык Эркин экономикалык аймагынын республикалык бюджетке чегерүүсүнүн көлөмү 2%дан 0,02%га төмөндөгөнүн айтты. 

"Республикалык бюджеттеги тартыштыкты эске алуу менен ички резервди натыйжалуу башкаруу зарыл”, – деди. 

Эскерте кетсек, парламентте “Кыргыз Республикасынын 2020 - жылга республикалык бюджети жана 2021 - 2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралууда. 

Ошондой эле чегерүүнүн көлөмү азайгычакты Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы 6 млн сомдун тегерегинде төлөсө, азыр 60 миң сом гана которуп жатканын айтты.

“Дордой” базарындагы ишкерлер бир контейнер үчүн айына 10 миң сом, жалпылап айтканда бир жылга 120 миң сом төлөйт. Ал эми Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагы ири аянтты ээлегенине карабай 60 миң сом гана чегерет. Бул туура эмес",- деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kanatbek-isaev-respublikalyk-byudzhettegi-tartyshtykka-bajlanyshtuu-ichki-rezervdi-natyjzhaluu-bashkaruu-zaryl



Добавить комментарий