Исаев: “Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, фаворит партияны мыйзамсыз шайлоодон четтетүүнү көздөшүүдө”

25 августа 2020 14:06 2887 Barometr
Поделиться в:
ok

Кайсы бир саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп, БШКнын төрайымына басым жасоо аркылуу “Кыргызстан” партиясын шайлоодон чечтеттүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта “Кыргызстан” саясий партиясынын Бишкек шаарындагы башкы штабында өткөн маалымат жыйында партиянын лидери Канатбек Исаев билдирди.

Партиянын төрагасынын айтымында, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясына “Кыргызстан” партиясы тарабынан тапшырылган документтер боюнча бир топ талкуулар жүргүзүлдү.

“Буга түндө баарыңыздар күбө болдуңуздар. БШКнын төрайымынын маалымат жыйында башка бир саясий партиялардын жетекчилерине чейин, партия мүчөлөрү барып, ошол жерден Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымына кысым кылуу аракети болду. Биздин да партиялаштар барып, ошол жерден талашып тартышып, мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берген жокпуз. Баардыгы маданияттуу, мыйзам чегинде болсун деген гана үмүттөбүз. Борбордук шайлоо комиссиясы партия каттоодон өтүү үчүн документтерди убагында берилдиби же убагында берилген жокпу, документтер толукпу же толук эмеспи аны БШК карап, анын жыйынтыгын жарыя кылат”,- деди Исаев.

“Кыргызстан” партиясынын катчылыгынын жетекчиси Аманкул деген жигит ишеним кат менен барып, өз убагында документтерди БШКга тапшырган. Эми БШК биздин документтерди убагында тапшырды же убагынан кечиктирип тапшырды деп айтса, анан биз ошого жараша чара көрөбүз. Эгерде бизге кандайдыр бир ыңгайсыз бир чечим чыгара турган болсо, сөзсүз түрдө биз аны юридикалык жол менен тууралаганга аракет кылабыз. Анткени, миңдеген шайлоочулар биздин артыбызда турат. Анан кээ бир саясий партиялар өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктарын көздөп, шайлоо комиссиясынан 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны шайлоого чейин шайлооодон чечтеттип коюуну көздөштү. Буга жол бербешибиз керек. Ушул партияларды биз чакырабыз, дебаттарда шайлоочулардын үнүн талашып, шайлоочулардын добушун акыйкаттык менен, мыйзам жолу менен албайлыбы? Бүгүн эми “Кыргызстан” партиясын фаворит партиялардын бири деп эсептейм. Ошол себептен кызыктар партиялар ушул дебаттарда же шайлоочулардын добушун мыйзамдуу жол менен талашпай, кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен четтетип коелу деген аракет да”,- деп кошумчалы партиянын төрагасы.

Ошондой эле партиянын төрагасы партиялардын каттоодон өтүү үчүн келген убактысын каттаган БШКнын журналын текшерүүгө бир да партиянын укугу жок экенин айтып, каттоо журналындагы “18:00”деп жазылган убакытты, “17:59” деп ким өзгөрткөнүн же оңдоо киргизгенин билбей турганын баса белгиледи. Андан сырткары 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясы 206 миң шайлоочунун добушуна ээ болуп, парламентке 3-орун менен келгенин эске салды.

Эске салсак, 24-августта түнкү саат 23:00дө жарандык активисттер жана журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуп, партияларды каттоого алуу учуру жазылган видеожазууну жана каттоо журналын көрсөтүүнү сурашкан. Алар мындай кадамга парламентке ат салышып жаткан “Кыргызстан” саясий партиясы каттоодон өтүүдө белгиленген убакыттан кечигип калган деген маалыматтардан улам барышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kanatbek-isaev-kyrgyzstan-partiyasynyn-shajloodon-chettetilishi-negizsiz



Добавить комментарий