Футбол федерациясынын президенттигине 6 киши ат салышып жатат. Арасында Аскар Салымбеков, Бахадыр Кочкаров бар
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти кызматына 6 киши ат салышып жатат. Бул тууралуу талапкерлердин бири Канат Маматов barometr.kg сайтына бүгүн билдирди. Федерациясынын президентин тандоо эртең 9-февралга белгиленген.
Федерациянын учурдагы жетекчиси Семетей Султанов кызматтан кетерин буга чейин жарыялаган.
Федерация башчылыгына талапкерлердин катарында коомдук ишмер, "Дордой" футбол клубунун президенти, федерациянын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков, Бишкек шаардык футбол бирикмесинин жетекчиси, "Алга" командасынын ардагери Алмаз Чокморов, федерациянын башкы катчысы Медер Сыдыков, аталган уюмдун вице-президенттери Дастан Конокбаев менен Канат Маматов, жана ФИФА калысы, Ош шаардык балдар футбол мектебинин жетекчиси Бахадыр Кочкаров бар.
Канат Маматов barometr.kg сайты менен баарлашып жатып, ал өзүн жарышта утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Канат Маматов учурда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келет.
Ал буга чейин Индияга чейин барып ойноп келген кесипкөй футболчу, Кыргызстандын футзал Ассоциациясынын директору, Кыргызстанда АМТ футзал федерациясынын уюштуруучусу катары белгилүү.
Добавить комментарий ×