Канат Исаевдин кызы: Сүрөттөрүмдүн көбүн жолдошум тарткан

25 июня 2019 11:17 15286 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаты Канат Исаевдин кызы Бермет  кыргызстандык блогерлердин бирин жеке инсандык сапатына тийишпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Бермет Исаева анын Интаграмдагы сүрөтүн блогер сынга алганын түшүндүрдү. Бирок бул адамдын атын атаган жок.  

"Башка бирөөнүн балдарынын ишине киришкен адамдарды түшүнбөйм.Мындан тышкары мен өзүмдүн атамдын кызымын, жолдошумдун жубайымын, башка кишилер ээ болгон укукка ээмин. Эгерде менин атам диний, консервативдүү, эл адамы болсо мен 180 градуска башкача болот элем.  

Ысык-Көлдүн жээгинде балкондо күнгө күйүп отуруп мен паранжы жамынып отурушум керек деп эсептеген адамдын ою канчалык кеңири эмес экенин ойлойм.Биринчиден, урматтуу блогер журналист мен сизге эч кандай карыздар эмесмин. Мен мамлекеттик кызматкер же моралдык жоопкерчилиги бар окутуучу да эмесмин.Үчүнчүдөн, менин сүрөттөрүмдүн көбүн мындай майда-чүйдөгө маани бербеген жолдошум тарткан”,-деп жазды Исаева.

Белгилей кетсек, бул жерде сөз болуп жаткан сүрөттө Бермет Исаева балкондо шорты кийип отурган.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-isaevdin-kyzy-srttrmdn-kbn-zholdoshum-tartkan



Добавить комментарий