Канат Исаевдин үйүндө толуктоо... Депутат кыздуу болду

15 ноября 2019 18:55 8432 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үй-бүлөсүндө толуктоо болду. Саясатчы кыздуу болду. Бул тууралуу депутаттын улуу кызы Бермет Исаева өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды.

Үй-бүлөдө бешинчиси, кыз ымыркай жарык дүйнөгө келди.

"Биздин үй-бүлө бактылуу үй-бүлө. Бүгүн түнкүсүн биздин үйдө толуктоо болду. Апам бешинчи үй-бүлө мүчөсүн, көптөн күткөн кыз наристе төрөдү", - дегендей таризде билдирүү калтырды.

Бермет ошондой эле төрөткө саналуу сааттар калгандагы апасынын кош бойлуу турган сүрөтүн жана Исаев жубайына билдирген сүйүүсү жазылган каттын баракчасына койгон.

Белгилей кетсек, Бермет өзү Москвада МГИМО окуу жайында билим алат. Аны менен катар Орусиядагы “Манас” аттуу кыргызстандык студенттердин бирикмесин жетектейт. Депутаттын дагы бир уулу Чыңгыз Исаев шахмат боюнча Кыргызстан курамасынын мүчөсү болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-isaevdin-jnd-toluktoo-deputat-kyzduu-boldu



Добавить комментарий