Канат Исаевдин агасы генерал Талант Исаев кызматына кайтып келди

11 октября 2018 13:20 1664 Barometr
Поделиться в:
ok

Генерал-майор Талантбек Исаев мурда иштеп кеткен кызматына кайра дайындалды. Бул тууралуу  ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ал мурдагы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына кайрадан кайтып келди.

Эске салсак, бир жыл мурда анын биртууган иниси Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев бийликти басып алууга шектелип кармалганда, Талант Исаев өз каалоосу менен отставкага кеткен. Учурда Канат Исаевге козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал кайра парламентке кайтып келди.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-isaevdin-agasy-general-talant-isaev-kyzmatyna-kajtyp-keldi



Добавить комментарий