Канат Исаев министрдин орун басарына: "Маалыматты өзүңөр жакшы билбейсиңер, тактап алып анан келгиле парламентке"

26 декабря 2018 12:17 1198 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүтүрүүчүлөр 110 балл менен жогорку окуу жайларындагы педагогикалык тармакка өтө алат деди Билим берүү министринин орун басары НадираЖусупбекова бүгүнкү жыйында депутаттын суроосуна жооп берип жатып. 

"110 баллдан ылдый болсо, анда окуу жайга алынбайт"-деди Жусупбекова. 

Буга канааттанбаган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев юридикалык окуу жайларга канча балл менен өтөт?-деп сурады. 

"Юридикалык болобу, башка болобу бардык эле жогорку окуу жайларга 110 балл менен өтө алышат деген министрдин орун басарына: "Өзүңөр бул тууралуу толук билбейт экенсиңер, тактап билип алып туруп анан келгиле"-деди.

Буга министрдин орун басары: "Макул"-деп жооп берди.

Эске салсак, бүгүн парламентте күн тартипке ылайык  8 маселе каралып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-isaev-ministrdin-orun-basaryna-maalymatty-zr-zhakshy-bilbejsier-taktap-alyp-anan-kelgile-parlamentke-dedi



Добавить комментарий